Америкалык адистер тажик-ооган чек арасында болушту

22 курулуш эксперти Пянж дайрасы аркылуу көпүрө курула турган жердеги абал менен таанышышты. 12 миллион доллардык Кошмо Штаттары каржылай турган көпүрө аркылуу Ооганстанга гуманитардык жүк ташылат.