Гарри Каспаров жана компьютер шахмат мелдешинде тең чыгышты

Атактуу шахматчы, дүйнөнүн экс-чемпиону "Х3DFritz" деп аталган компьютердик программа менен мелдешип жатат. Оюн Нью-Йорк шаарында өтүүдө. Шахмат доскасынын ордуна компьютердин экраны пайдаланылган оюндун алгачкы партиясы 3 саат 20 мүнөткө созулуп, бирок тараптар тең чыгышты. Оюндун кийинки партиясы бейшембиге белгиленген.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Улан Эшматов, Прага