Москванын билдирүүсүндө британ сотунун Закаевди калкалап калган чечими Орусия менен Британиянын ортосундагы мамилелерге, ошондой эле терроризмге каршы дүйнөлүк согушка да зыянын тийгизээри эскертилген. Британиялык сот Тимоти Вокман өз чечимин Закаев Орусияга кайтарылса, ал абакта кыйноого дуушар болуу коркунучу бар деп негиздеген. Москва чечен сепаратисттеринин өкүлүнө киши өлтүрүү, адамдарды уурдоо өңдүү 13 олуттуу кине таккан.