Пакистан менен Иран ядролук тармакта кызматташканын төгүндөштү

ИСЛАМАБАД. Пакистан Ирандын ядролук программасын өнүктүргөнгө жардам бергенин төгүндөдү. Кечээги макаласында "Таймс оф Ланден" гезити "Иран ядролук технологияны өнүктүргөнгө Пакистан кол кабыш кылганын МАГАТЭнин алдында мойнуна алды", -деп жазып чыккан. Пакистандын тышкы иштер министрлиги андай кабарлар "мусулман өлкөлөрүн каралоо үчүн" таратылып жатат деп айыптады. Пакистанда кеминде 30-60ка чейин ядролук дүрмөт бар экени болжолдонот.