Германия «ал-кайидачы» деп шектелген эки кишини Кошмо Штаттарына өткөрүп берди

Мохаммад Али Хассан Шейх ал-Моайад Йемендин баш калаасындагы башкы мечиттин имамы болгон, ал жана Йахйа Зайед кечээ Нью-Йорккко жөнөтүлдү. Моайад "ал-Кайида террор тобун акча жана согушчандар менен жабдып турган" деп айыпталууда. Зайедге ага көмөк көрсөткөн деген кине тагылган.