Бул тууралуу ал бүгүн Ослодо Норвегиянын премьер-министри Кьелл Магне Бондевик менен жолугушуу маалында билдирди. Кыргызстан өлүм жазасына мораторий киргизгенин алгач 1998-жылы жарыялаган болчу. Бүгүн Норвегиядагы эки күндүк визитин жыйынтыктап жаткан А.Акаев Ослодогу маалымат жыйынында Кыргызстан адам укуктарын жана демократияны жайылтуу жаатында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен байланыштарын бекемдээрин белгиледи.