Жаңылык кызматтарынын соңку маалыматына караганда, Молдованын башкалаасындагы жекшембидеги демонстрацияга 25тен 50 миңге чейинки сандагы киши катышып, "Орустар, үйүңөргө кеткиле!", "Коммунисттер жоголсун!", "НАТОго кошулабыз!" деген ураандарды көтөрүп чыгышты.