Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы башталды

БИШКЕК. 2-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 17-сессиясынын 2-бөлүгү башталды. Сессиянын ишине премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышууда. Адегенде депутаттар сессиянын күн тартибиндеги 35 маселени кароонун тартибин такташты. Андан кийин Каржы министри Болот Абилдаев быйылкы бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, тогуз айда жалпы дүң продукт 5,1%, өнөр-жайы 14% өстү, бирок жеңил өнөр-жайы 16% төмөндөгөн. Эл өкүлдөрү бул маселеден кийин 2004-жылдагы бюджеттин долбоору, Улуттук банктын отчету жана кышка даярдык сыяктуу маселелерди карашмакчы.