Францияда ири суу ташкын болду

Өлкөнүн түштүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын соңунан болгон суу ташкындан улам миңдеген адамдарды үйүнөн эвакуациялоого туура келди. Кеминде 5 киши каза тапканы кабарланууда. Көбүнесе Франциянын экинчи ири шаары - Марсел жабыр тартты. Авто жана темир жолдор жабылды. Француз президенти Жак Ширак чет өлкөгө белгиленген визитин токтотуп, бүгүн кырсык баскан аймактарга барды.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Улан Эшматов, Прага