Грузияда шайлoo өнөктүгү башталды

Грузиянын убактылуу жетекчилиги президенттик шайлоо өнөктүгү ырасмий түрдө башталды деп жарыялады.
Тбилисиде кабарчылар менен бүгүн болгон кездешүүдө өлкө президентинин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзе айым 4-январдагы шайлоо эркин жана калыс өтөт деп убада кылды жана Улуттук Кыймылдын башчысы Михаил Саакашвилинин жеңишине ишенерин айтты:
- Биз өзүбүздүн президенттик шайлоодо жеңип чыгарыбызга ишенебиз жана бул шайлоо калыс жана демократиялык жол менен: эркин жана мыйзам чегинде өтөт деген ишеничтебиз.
Мамлекеттик министр Зураб Жвания бүгүн эле М. Саакашвилинин шайлоо штабынын башчысы болуп дайындалды.
Азырынча Грузиянын президенти болом деген 15 талапкер маалым.