Ысыккөл облусу менен Кытайдын Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун ортосунда келишимге кол коюлду

КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы менен Кытай Республикасынын Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун ортосунда экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында келишим түзүлдү. Келишимге эки облустун жетекчилери Эмилбек Анапияев менен Мамбетасан Токталы кол коюшту. Ага ылайык Кызылсуу автономиялуу облусу быйыл жазында Ысыккөл районуна алманын 40 миң түп көчөтүн бекер отурузуп берет. Ошондой эле 440 чакырымга созулган Каракол-Кытай- Аксуу автожолунун курулушу башталат. Жол 2 жылда толук бүткөрүлмөкчү. Мындан тышкары турзимди өнүктүрүү үчүн Υрүмчү-Аксуу-Каракол аба каттамын ачуу да болжолдонууда.