Шайлоо кодекси боюнча кайчы пикирлер көп

БИШКЕК. Бүгүн Жогрку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Шайлоо кодексине өзгөртүү жана толуктоолор жөнүндө» мыйзамдын долбоорун талкуулоону улантты. Депутаттар Шайлоо кодексинин 11-беренесиндеги шайлоо комиссияларынын курамын аныктоо боюнча талаш-тартышта бир пикирге келе алышкан жок. Мисалы, депутат Азимбек Бекназаров «шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү эмес, 50% саясий партиянын өкүлдөрүнөн куралсын» деген сунушун айтты. Мындай пикирге Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев макул болгон жок. Натыйжада, бул берене комитеттин талкуусуна коюлмак болду. Депутаттар долбоорду талкуулоону дүйшөмбү күнү улантышат.