Евробиримдик да парламенттик шайлоо өнөктүгү Россияда адилет өтпөдү деп санайт

Евробиримдиктин (ЕБ) аткаруу комитети-Еврокомиссия ЕККУ менен АКШнын Россиядагы жекшемби күнкү шайлоого байланыштуу берген бааларын туура тапты.
Еврокомиссиянын өкүлү Диего де Охеда биздин радиого берген интервьюда мындай деди:
- ЕККУнун байкоочулар тобуна өз өкүлдөрүн жиберип, Евробиримдик да (Россиядагы) шайлоого катышты. Ошон үчүн ЕККУнун докладындагы сындын же баанын жана келечекке багытталган кеңеш-сунуштардын артында Евробиримдик да турат.
Де Охеда ошондой эле шайлоо өнөктүгү учурунда маалымат каражаттарын пайдаланууга бардык таапкеплер бирдей кой берилбегени Евробиримдикти өзгөчө камтама кылганына көңүл бөлдү.