Рим шаарында Палестин автономиясына жардам берип жаткан донорлордун конференциясы өтүүдө

РИМ. Рим шаарында Палестин автономиясына жардам берип жаткан донорлордун конференциясы өтүүдө. Ага 14 мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат. Палестин тарабынан конференцияга автономиянын тышкы иштер министри Набиль Шаат, Израил тарабынан өлкөнүн тышкы иштер министри Сильван Шалом келишкен. Палестин өкүлдөрү мамлекеттик кызматчыларга айлык акыларын төлөп берүү үчүн жана гуманитардык долбоорлордун өтөлүнө чыгуу үчүн бир миллиард евро керек экенин билдиришти. Эл аралык валюта корунун маалыматы боюнча, үч жылдан берки согуштун айынан автономиянын дүң өндүрүшү үчтөн бирге кыскарып, жумушсуздук 30 процентке жетти.