Жорж Буш үстүбүздөгү жылдагы жетишкендиктери тууралуу отчет берди

Мезгилдүү төрт мүнөттүк радио билдирүүсүндө АКШнын президенти салыктардын кыскартылышын жана Медикэа саламаттык программасынын реформасын 2003-жылдын башкы жетишкендиктери деп атады. Ирак согушун Буш сөзүнүн аягында гана кыстара кетти. Кечээки жалпы улуттук билдирүүсүндө президент АКШнын ички коопсуздугун кепилдөөгө 31 миллиард доллар бөлүнгөнүн белгиледи. Буш мындай деди:
Бул иш-аракеттердин натыйжасында биздин жашообуздун коопсуздугу бекемделип, турмуш деңгээли көтөрүлдү. Биз кыйынчылыктарга чечкиндүүлүк менен мамиле кылабыз. Бирок ишибиз бүтө элек. Биринчи кезекте, террорго каршы согушта жеңип чыкканга чейин ишибизди уланта беребиз.