Бүгүн Бангладеш эгемендүүлүк күнүн белгиледи

Мындан 30 жыл илгери өлкө Пакистандан көз карандысыздыкка жетишкен.
Жергиликтүү тарыхчылардын ырастоосунда, тогуз айга созулган боштондук согуш маалында 3 миллионго жакын бангладештик курман болгон.
Өлкө президенти Ийауддин Ахмед белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюп, Бангладештин көз карандысыздыгы үчүн өмүрүн аябаган мекендештерин эскерди.