Ирактагы согуш кылмыштары үчүн түзүлө турган соттун иши жакын аралыкта башталбайт

Ирактагы согуш кылмыштары үчүн түзүлүүчү трибуналдын долбоорунун үстүнөн иштеген жергиликтүү сот Дара Нураддин жаңы орган өз ишин баштаганга чейин дагы көп убакыт талап кылынат деп билдирди. Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөсү Нураддин айым сотторду тандоого жана административдик иш-чараларга кошумча мөөнөт талап кылынаарын белгиледи.
Ал ошондой эле Саддам Хусейнге карата өлүм жазасы колдонобу деген маселе эмки жылы курала турган утурумдук өкмөт тарабынан чечилет болушу мүмкүн деп кошумчалады:

- Трибунал 100 пайызга ирактыктардан куралат. Айрым чет өлкөлүк соттор кеңешчилер катары тартылышы ыктымал. Өлүм жазасы алынып салган жок. Ал жөн гана Пол Бремер тарабынан убактылуу токтотулган.