НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон кызматынан кетти

Брюсселде бүгүн ал НАТО кеңешинин сессиясына акыркы мерте төрагалык кылды.Жыйын соңунда Роберстон кайыр-мазыр сөзүн сүйлөдү. НАТОнун баш катчылык кызматына эми Даниянын азыркы тышкы иштер министри Яап де Хууп Схеффер келмекчи, ал 5-январдан тартып ишке киришет. Робертсон болсо британдык “Кэйбл энд Вайрлесс” менчик телекоммуникациялык корпорациянын башчысына орунбасар болуп иштемекчи.