Уюмдун жылдык иликтөөсүндө 25 мамлекет өз жарандарынын эркиндиктерин кеңейтүүгө аракет кылганы, ал эми Азия, Жакынкы Чыгыш жана мурдагы Советтик жумурияттарда демократиялык өнүгүү артка кеткени айтылат. Документте айтылгандай, 88 өлкөдө, же дүйнө жүзүнүн 46%ында сөз эркиндиги бааланат, мындан 10 жыл илгери бул көрсөткүч 8%га төмөн болгон. Докладда Орусия – былтыркыдай эле жарым-жартылай эркин өлкө катары көрсөтүлүп, эң куугунтукчул өлкөлөрдүн тизмесинин башкы саптарын Түндүк Корея, Кытай, Сауд Арабия жана Түркмөнстан ээлешкен.