Түрк премьер-министри Өзбекстанда

Кечээ күнү Өзбекстанга келген түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Ташкенде президент Ислам Каримов менен жолугат. Жолугушуу учурунда эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүү боюнча келишимге кол коюлат. Октябрда Эрдоган Кыргызстан менен Тажикстанга келип кеткен.