Аскар Акаев Казакстанга иш сапары менен барат

БИШКЕК. 25-декабрда Аскар Акаев баштаган делегация бир күндүк иш сапары менен Казакстанга барат. Аскар Акаев менен Казак президенти Нурсултан Назарбаев жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыш, унаа каттамы, миграция маселеси жана аймактагы коопсуздук талкууга алынат. Ошондой эле, иш-сапары учурунда «Биримдик мамилелери» тууралуу келишимге жана эки өлкөнүн ортосундагы унаа каттамын жөнгө салуу тууралуу өкмөт аралык макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.