«Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө» мыйзам кабыл алынды

БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Бирок, шайлоонун жүрүшүндөгү үгүт иштеринин мөөнөтүнө байланышкан 31-берененин биринчи абзацы жана добуш берүү учурунда маалымат каражаттарынын фото жана видеоаппараттарды пайдаланышына жол берген 44-берененин 2-пункту өткөн жок. 31-берененин кабыл алынган варианты боюнча үгүт иштери эми бардык талапкерлер каттоодон өткөн күндөн тартып жүрө турган болду.
Депутаттыкка талапкердин шайлоо фондусуна арналган 74-беренени өзгөртүү тууралуу депутат Бакыт Иманкуловдун сунушу өтпөй калды. Бакыт Иманкулов «талапкердин жеке каражаты минималдык эмгек акынын өлчөмүнөн 15 миң эседен көп болсун, саясий партиялардан, блоктордон көрсөтүлгөндөрдүн каражаты минималдык айлык акыдан 5 миң эседен ашпасын, жеке жана юридикалык тараптардын акчалай колдоосу 200 минималдык маянадан ашпасын, ал эми талапкердин чыгашасы минималдык маянанын 50 миң эсе өлчөмүнөн ашпасын» деген сунуш киргизген. Депутат Ишенбай Кадырбеков болсо шайлоо округдары кичирейип, шайлоочулардын саны азайгандыктан, талапкердин фонду да азайышы керек деп эсептейт.