Пакистанда 14 киши курман болгон бомба чабуулунан президент Мушараф аман калды

Пакистандын маалымат министри Шейх Рашид Ахмеддин билдиришинче, президенттик автокербендин үч машинасы запкы чекти, бирок президентке залал келген жок. Бул – үстүбүздөгү айда президент Первез Мушарафка экинчи жолку кол салуу. Бомба президенттик кербен өтүп кеткенден көп өтпөй жарылды.
Кечээ Мушараф 2004-жылдын этегинде армиянын жетекчилигинен кетүүгө макул болгон. Конституциялык кризисти токтотуу үчүн консерватор динчилдер менен жүргөн сүйлөшүүдө жетишилген келишим боюнча, Мушараф президент бойдон калат, бирок куралдуу күчтөрдүн жетекчилигин өткөрүп берет.