Кытай өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу эскертүү жарыялады
Бүткүл өлкө боюнча аба бекеттерин, автобустарды жана поезддерди көзөмөлдөө күчөтүлдү. 24-декабрда Кытайдын түштүгүндөгү Гуанчжоу провинциясында САРС (өнөгөсүз өпкө оорусу) деген ат менен белгилүү болгон бул ооруга чалдыккан бир киши катталган эле.