Николай Харитонов Компартиянын атынан Орусиянын президенттигине талапкер болуп көргөзүлдү

Мындай чечим Компартиянын жекшембидеги курултайында кабыл алынды. Николай Харитонов 1990- жылдан бери Орусиянын Жогорку кеңешинин , андан соң Мамлекеттик думанын депутаты. 1999-жылдан бери коммунисттердин катарында. Компартиянын буга чейин президенттикке эки ирээт талапкер болгон лидери Геннадий Зюганов болсо азыркы шайлоого катышпоону ылайык көргөн.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага