Бишкек-Улан-Батор аба каттамы ачылат

БИШКЕК. Жакын арада Бишкек-Улан-Батор аба каттамы ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев Монголиянын парламентинин төрагасы Санжбегзийн Тумур-Очир баштаган парламенттик делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирген. Ошондой эле жолугушууда Н. Танаев эки тараптуу соода-экономикалык байланышты мындан ары өнүктүрүү маселесин козгоду. Өткөн жылы эки мамлекет ортосундагы сооданын көлөмү 1 млн. 200 миң доллар болгон. Эки мамлекет ортосунда 20 келишим-макулдашуу түзүлгөн. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги дүйшөмбүдө кабарлады. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин чакыруусу менен Монголия парламентинин делегациясы өткөн аптанын аягында Кыргызстанда сапар менен болгон эле.