ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНДАЙ ТОСТУ?

Жаңы аяктаган 2003-жылда Ирак согушу бүткүл дүйнөнү дүрбөлөңгө салган башкы окуя болуп калды. Өлкө эски жылды оккупациялык режимдин шартында узатты. Бирок жаңы жылда ирак эли эгемендүүлүгүн кайра кайтарып алмакчы. Ал эми дүйнөнүн калган бөлүгүндө майрамды кандай белгилешти экен?
Көпчүлүк өлкөлөрдө жаңы жылды катаң коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта тосуп алышты. Лондондо айтылуу Биг Бендин же парламенттик мунарадагы зор сааттын коңгуроосу 2004-жылдын башталганын төгөрөктүн төрт бурчуна жар салды. Дароо от оюндары башталып, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген миң түрлүү элдерге коюнун ачкан шаардын түнкү асманында кызыл-тазыл от жылдыздар өчүп, күйүп жатты.

Маскөөдө өлкөнүн как жүрөгү болгон Кремлдин алдында шаар тургундары жана коноктор шампан бузуп, ырдап, бийлеп, майрамды шатыра шатман белгилешти. Чечен жан кечтилери жана террористтик чабуулдар жүрөгүнүн сары суусун алган орусиялыктарды Кызыл аянтка аскерлер бирден текшерип өткөрүштү.

Дүйнөлүк державанын эң ири шаары болгон Нью-Йоркто атактуу Тайм сквейр аянтына кылкылдап толуп чыккан эл өтүп бараткан жылдын акыркы көз ирмемдерин чогуу санап жатты. Саат туура 12ни соккондо Олд лаң син же шотланддардын майрамдарда ырдалчу эски ыры жаңырды. Ал эми аянтты курчаган имараттардын чатырында көзгө атаар мергендер кароолдо турушту.

Ооганстан мусулман өлкөсү болгондуктан, мында христиандардан тараган жаңы жыл майрамы же Силвестр белгилебейт. Бирок баш калаа Кабулда турган миңдеген америкалык аскерлер Силвестерди өздөрүнчө белгилешти. Алар байрактын туткасына орнотулган, ичинен жарыктандырылган желим шарды ылдый түшүрүп, өтүп бараткан жыл менен кош айтышты.

Ирактагы америкалык аскерлердин арасында маанай анчейин болгон жок. Бүткүл өлкө боюнча майрамдык сезондун алдында коопсуздук катуу күчөтүлгөн эле. Бирок бул чаралар жылдын акыркы күнүндө Багдаддагы ресторандардын бириндеги жардырууну болтурбай кое алган жок.

Жол боюнда турган машинадагы бомба жарылганда, ресторан тып-тыйпыл талкаланып, беш киши мүрт кетти. Жараат алган 20 чакты кишинин арасында Лос Анжелес Таймс гезитинин үч кабарчысы да болду. Ирак полициясы кийин бомба жардыргандардын бири деп шектелген кишини камакка алды. Бул күнү өлкөнүн түндүгүндө, күрд жана түркмөн тургундарынын мамилеси кырды бычак болуп турган Киркук шаарында тополоң чыгып, беш кишинин өмүрү кыйылды.

Жыл этегиндеги зилзаладан көз ачып жумганча он миңдеген киши жан таслим болгон Ирандын Бам шаары кайгы-муңдун туткунунда кала берүүдө. Филипинде өрттөн, атышууларда жана кырсыктарда 20 чакты киши каза тапты. Индонезияда базарда бомба жарылып, тогуз кишинин өмүрүн алды.

Жалпылап айтканда, коопсуздук шарты күчөтүлгөнүн эске албаганда, кой үстүндө торгой жумурткалаган бардар элдердин көбү жаңы жылды шарап бузуп, ыр-бий менен куунак маанайда каршы алышты. Дүр-дүйүм тамак толгон ак дасторкон үстүндө бир бирине ак тилектерин арнашты. Ал эми коогалаңдуу аймактарында киши өлүп, колунда жоктор, айрыкча жээрге тамагы, кийээрге кийми жок миллиондогон чор тамандар жаңы жылдын келгенин байкабай деле калган болушу мүмкүн. Алардын армандуу жашоосун жана адамзатынын алдында турган дагы башка проблемаларды Бириккен Улуттардын жетекчиси Кофи Аннан мындайча эске салды:

- Ирак согушу дүйнө лидерлерин көңүлүн башка коркунучтардан алагды кылды. Ал коркунучтар - көпчүлүк адамдар үчүн кадыресе нерсе. Мен итке минген кедейлик менен ачарчылыкты, таза суунун жоктугун, айлана-чөйрөнүн кунардан кетишин жана жугуштуу ооруларды айтып жатам.

Анын аралыгында, кечээ эле дүйнө элдерин бул каргашанын курмандыктарынан жардамын аябоого чакырган Рим Папасы жаңы жылда бүткүл дүйнөдө тынчтык болушун тилеп, ак батасын берди. Ошентип, дагы бир жыл башталды. Жаңы жылыңыздар менен!