Бээжиндин өкүлдөрү билдиргендей, алгачкы изилдөөлөр боюнча өлкөнүн түштүк бөлүгүндө бир оорулуу адам өпкөнүн өзгөчө кагыны, же САРСты жуктурган болушу мүмкүн. Оорулуу кайрадан былтыр Кытайдын кеңири аймагын каптаган дарттын очогу - Гуандон шаарындагы бейтапканага кайрылган. Эгерде ал САРС дартына кабылганы бышыкталса, өткөн июль айынан бери катталган алгачкы оорулуу болмокчу. Былтыр Кытайда дарысы табыла элек жугуштуу дарттан 349 адам каза тапкан.