Жаатташкан эки элдин ортосунда келечекте тынчтык жана кызматташтык орнотуу мүмкүн экенин далилдөөнү максат кылган экспедиция алыскы Антарктиканын жээктерине бир жума ичинде жетүүнү пландаштырууда. 4 палестиналык жана 4 израилдик жарандан турган топ андан кийин бийиктиги 2000 метрлик чокуну багындырууга бел байлап жатат. Экспедициянын курамында альпинисттер жана израилдик аскерлерге кол салган деп айыпталып, түрмөдө отуруп чыккан палестин да бар.