Египетте “Боинг” учагы кырсыкка учурады

Египетте бүгүн эртең менен жергиликтүү авиакомпанияга таандык “Боинг-737” жүргүнчү учагы аба кырсыгына учурап, Кызыл деңизге кулап түштү. Учактын бортунда 135 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон.
Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Шарм аш-Шейх аймагындагы эс алуу жайынан үйлөрүнө кайтып баратышкан француздук туристтер болгону кабардалды.
Египеттин авиация министрлигинин кабарлоосуна караганда, учактагы жүргүнчүлөрдүн эч кимисин тирүү сактап калууга мүмкүн болгон жок.