Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Индия жана Пакистандын лидерлеринин кездешүүсүн оң баалады

Мындай билдирүү Пакистандын президенти Первез Мушарраф келээрки айда Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпайи менен жолугушуп, эки өлкөнү үч ирет согуштурган жаңжалды жөндөө боюнча сүйлөшө турганын жарыя кылгандан көп узабай жасалды.
Аннан бул сүйлөшүү региондогу стабилдүүлүккө жетишүүгө жардамдашат деген үмүттө:
- Исламабаддан сонун кабар алдык. Мен сүйлөшүүлөрдүн болгонуна чоң кубанычтамын жана премьер-министр Важпайи менен президент Мушарраф процессти алга жылдырууда өздөрүнүн мамлекеттик ишмердүүлүгүн, жетекчилигин жана акылмандыгын көрсөтөт деп ишенем.
Мушарраф менен Важпайи дүйшөмбү күнү Исламабадда Түштүк Азия лидерлеринин жыйыны учурунда кездешти.