Теги ирактык бир америкалык атуулдун сөөгү табылды

Багдад. Ирактын Басра районунан ишемби күнү өлкөдөгү убактылуу түзүлгөн администрацияда иштеген теги ирактык бир америкалык атуулдун сөөгү табылды.
Мосул шаарында америкалык аскерлер төрт адамды кармашты. Кармалгандарга америкалык аскерлерге кол салууну уюштурду деген айып тагылууда.