Израилдин президенти Сириянын президентин тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн өлкөгө чакырды

Жакынкы Чыгыш. Израилдин президенти Моше Кацав Сириянын президенти Башар ал-Асадга Иерусалимде тынчтык сүйлөшүүлөр үчүн келүүнү сунуш кылды. Кацав Сирия лидери визит учурунда алдын-ала эч кандай шарттар койбошу керектигин да баса белгиледи.
Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон кечээ Сирия өкмөтү израилдиктерге каршы террордук кол салууларды уюштуруучуларды колдоодон баш тартса гана, Израил Сирия менен сүйлөшүүлөргө даяр деп билдирген.
Сирия бийлиги бул чакырууну четке какканы маалымдалды.