Бишкекте Кыргызстандагы Укук реформасын талкуулаган жыйын өтүүдө

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Укуктук реформа: проблемалар, артыктычылыктар жана келечек» деген тема алдында өтүп жаткан эл аралык конференцияда Кыргызстандагы укуктук реформанын жүргүзүлүшүндөгү проблемаларды талкуулоо улантылды. Ага катышкан АКШ, Германия, Орусиянын эксперттери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын кылмыш-жаза өтөө системасы канчалык деңгээлде эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууну талкуулашууда. Жыйында Кыргызстандын Кылмыш-жаза жана Кылмыш-процессуалдык Кодекстеринин жаңы варианттары да каралууда.
Эл аралык конференция Европадагы коопсуздук жана кызаматташтык уюмунун Демократия жана Адам укугу боюнча институту менен ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан уюштурулууда. Жыйындын иши эртең улантылат.