Сулайман Иманбаев: “Шайлоо кодекси эларалык стандартка жооп берет”

БИШКЕК. Бүгүн «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга президент кол коюп, күчүнө киргендигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев «Конституциянын жаңы редакциясына ылайык өзгөртүлгөн Шайлоо кодекси эларалык нормаларга жана элдин талабына жооп берет» деп баа берди. Жаңыртылган кодекстин талаптарына ылайык, мындан ары бардык шайлоолордо добуш берүүдө үч тарабы ачык, айнек жашиктер колдонулат. Шайлоо комиссияларына саясий партиялардын бирден өкүлдөрү киргизилип, алар комиссия курамынын үчтөн бирин түзөт. Парламенттик шайлоодо үгүт иштери бардык талапкерлер катталгандан кийин шайлоого 25 күн калганда башталат. Ал эми президенттик шайлоодо үгүт иштери добуш берүүгө 35 күн калганда, жергиликтүү бийлик органдарына шайлоого 20 күн калганда башталмакчы.