Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Германиянын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрөт

Берлинге ал Франциянын Страсбург шаарынан келди. Ал жерде грузин президенти Европарламенттин жыйынына катышып, «Грузия – Европа мамлекети экенин» белгилеп, Орусия менен мамилелерди жакшыртууну өлкөнүн башкы максаттарынын бири катары атады. Келээрки айда Саакашвили Орусия жана АКШга расмий визит менен бараары күтүлүүдө.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы