БУУ Грузияны жана андан өз алдынча бөлүнүп алган Абхазияны ортодогу чатакты чечүүгө үндөдү

Кечээ кечинде БУУнун Коопсуздук Кеңеши бир добуштан жактырган резолюцияда эки тарап бири-бирин коркутканды токтотуп, айрым чегинүүлөргө барышы керектиги белгиленген. Абхазия 1991-жылы көз карандысыздыгын өз алдынча жарыялап, анын айынан эки жылдан кийин Грузияда башталган кандуу согуш 10 миңдей адамдын өмүрүн жуткан.


Эл аралык кабарлардын таңкы түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага шары.