АШХАБАД. Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов мечит салдыруу үчүн бюджеттен 113 миллион доллар ажыратуу жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Мамлекеттик телекөрсөтүүнүн маалыматына караганда, мечит Ниязовдун туулуп-өскөн кыштагы Кыпчакта курулат. Региондун эң чоң мечити болуп кала турган зыяратканада бир эле маалда 20 миң киши намаз окуй алат. Мечиттин курулушу Түркмөнстанда 1948-жылы 6-октябрда болгон жер титирөөнүн курмандыктарына багышталууда. Зилзалада Ниязовдун энеси жана эки эркек бир тууганы курман болуп, атасынан согуш учурунда эле ажыраган Ниязов томолой жетим калган экен. Өлкөнү 1985-жылдан бери башкарып келаткан президент жер титирөө болгон күндү 1995-жылы аза күтүү күнү деп жарыялаган.