Курман айт майрамы Жалалабадда да белгиленди

ЖАЛАЛАБАД. Облустун борборундагы ал-Бухари мечитинде намазга 3 миңдей мусулман жыгылды. Алар атуулдардын ынтымактуу, тынч болушун, өлкөнүн өнүгүүсүн Кудайдан тилешип, көзү өткөндөргө куран окушту. Облустун Сауд Арабстанга ажылыкка кеткен 524 тургунунун ажылыгы кабыл болуп, аман-эсен кайтып келүүсүн каалашты. Баткен коогалаңында курман болгон жети жоокер Майлуусуу шаарында эскерилди. Айт намаз облустагы 442 мечиттин бардыгында окулду. Облусттагы калктын 90 проценти ислам динин тутунушат.