2003-жылы Чеченстанда канча киши жоголду?

Чеченстандын ички иштер министрлиги өткөн жылы республикада 444 адам дайынсыз жоголгонун билдирди. Бул - 2002-жылга салыштырганда 110 адамга аз.
Адам укугун коргоочу “Мемориал” уюмунун ырасташынча, былтыр Чеченстанда 473 адам уурдалган. Россиялык уюм бул маалыматты чырчатактуу республиканын үчтөн бир бөлүгүндө гана топтогон.