Ооганстандын мурдагы падышасы Индияга дарыланууга бет алды

КАБУЛ. Ооганстандын мурдагы падышасы Захир Шах дарыланыш үчүн Индиянын Нью-Дели шаарындагы ооруканага жаткырылды. Анын өкүлүнүн айтымында, 89 жаштагы Захир Шахтын оорусу андай деле оор эмес, болгону ал чыйрыгып жатат.
Захир Шах Ооганстанды 1933-жылдан 1979-жылга чейин башкарган. Талибдерден кийин түзүлгөн Хамид Карзайдын өкмөтү жана Ооган эли кабыл алган жаңы Конституцияга ылайык Ооганстанда монархияга чек коюлган. Ал эми Захир Шахка “улуттун атасы” деген наам берилген.