Ирандагы реформачыл ири партия шайлоого байкот жарыялоону чечти

Партиянын лидери Мохаммед Реза Хатами 20-февралга белгиленген парламенттик шайлоо адилет да, эркин да болбойт деп билдирди. Көзөмөл кеңеши реформачыл маанайдагы эки жарым миңдей талапкерге шайлоого кандидаттыгын койгонго тыюу салган эле.