Палестинада бүгүн “Исламдык Жихад” уюмунун жетекчиси өлтүрүлдү

Израилдин аскерий тик учмасынан бүгүн Газа тилкесине атылган ракетадан "Исламдык жихад" уюмунун жетекчиси Азиз ал-Шани курман болду. Ракета - палестиналык согушкерлерди алып бараткан машинеге мээленген, бирок анын алдына тийип жарылгандыктан, көчөдө басып бараткан бир 12-жашар бала дагы өлдү. Палестина премьер-министри Ахмед Кореинин айтымында, мындай чабуулдар аймакта стабилдүүлүк орнотууга жардамдашпайт.