Өткөн октябрь айында камакка алынган Фатима Мукадировага үйүндө тыюу салынган баракчаларды сактаган, аны менен конституцияны бузууга аракеттенген деген кинелер тагылган. Анын уулу Музафар Авазов 2002-жылы шектүү диний ишмердиги үчүн камалып, көп узабай түрмөдө жан берген. Укук коргоочулар ал темир тор артында диний жөрөлгөлөрдү аткарган үчүн ур-токмокко кабылып, күзөтчүлөрдүн кыйноосунан улам өлдү деп кабарлашкан. Анын улгайган энесинин иши бүгүн райондук сотто каралып, прокурор Шахноза Шарипова соттон Мукадированы алты жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө кесүүнү өтүндү.