Нааразылык акцияларындагы кырдаалдар “тегерек үстөлдө” талкууланат

БИШКЕК. Атуулдар уюштурган акциялардын учурундагы кырдаалды жөнгө салуу маселелерин эртең бейөкмөт уюмдардын, тартип коргоо, коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү “тегерек үстөлдө” талкуулашат. Ага президенттик администрациянын, парламенттин, саясий партиялардын, атуулдук коомдун жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.
Тегерек үстөлдү «Эларалык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду уюштуруп, аны Швейцариянын тышкы иштер министрлиги каржылоодо.