Америкалык аскерлердин Ирактагы жоготуусу өсүүдө

Кечээ күнү Багдаддын ар кайсы бөлүгүндө бомба чабуулунан америкалык эки жоокер курман болду, беш жоокер жараат алды.
Ирактагы коалициялык күчтөрдүн операциялар боюнча командачысы, генерал Марк Киммитт билдиргенге караганда, Багдаддын четиндеги башталгыч мектепке жасалган бомба чабуулунан ирактык үч жаран өлдү, башка үч жаран жараат алды.
“Мектептин жанынан табылган экинчи бомбаны америкалык аскерлер иштен чыгарышты.”
Америкалык аскерлер Саддам Хусейндин режими тушунда Ирак парламентинин төрагасы болгон Саадун Хаммадини тогуз ай абакта кармагандан кийин кечээ күнү бошотту.