Грузия президенти эмки аптада Америкага барат

Грузия президенти Михаил Саакашвили эмки аптада АКШга барып, президент Жорж Буш менен жолугат. Ак үйдүн басма сөз катчысы Скотт Маклелландын айтымында, эки президент Грузия менен АКШ ортосундагы мамилелерден тышкары, Түштүк Кавказдагы абалды, Тбилисинин Маскөө, Анкара жана Европа Биримдиги менен болгон байланыштарын талкуулайт. 11-февралда Саакашвили Маскөөдө президент Владимир Путин менен жолуккан.