Ал-Жазира сыналгысы «ал-Каиданын» жетекчилеринин бири жаздырган үн тасманы эфирге чыгарды

«Ал-Каиданын» экинчи адамы саналган Айман аз-Завахири "Кошмо Штаттарына каршы жаңы чабуулдар болот, АКШнын президенти «ал-Каиданын» үчтөн экиси жок кылынды деп жалган сүйлөдү" деген маңызда сүйлөп келип, Францияда мусулман кыздардын мектепте жоолук салынып жүрүшүнө тыюу салынганын мындайча сынга алды:
- Франция - эркиндиктин өлкөсү, ал жылаңач жүрүү, коррупцияга малынуу жана адеп-ахлактын бузулуш эркиндигин коргойт, бирок сыпаалык менен башына жоолук салынып жүрүүгө каршы күрөшөт.
Бул добуштун чынында да ал-Каиданын экинчи адамына тийешелүү экендиги белгисиз.