«Жеткинчек» программасы жетимдерди жетилтеби?

КАРАКОЛ. Бүгүн Каракол шаарындагы "Каракол табити" аттуу балдарды реабилитациялоо борборуна жана Аксуу районундагы балдар үйүндөгү балдарга белектер тапшырылды. Кыргызстандын президентинин алдында түзүлгөн илим-билим иштери боюнча комиссиянын референти Венера Карачалованын айтуусунда, «Жеткинчек» программасынын алкагында балдарга мындай колдоо жыл сайын көрсөтүлүп келет. Бул жылы Ысыккөл облусундагы балдарга 399 даана бут кийим, 399 даана мектеп формасы, 1995 даана дептер таратылаары белгилүү болду. Андан тышкары Каракол шаарындагы жардамга муктаж 78 балага бут кийим, мектеп формасы жана дептер таратылды. Ал эми Аксуу балдар үйүнө 10-марттан кийин эмерек жана компьютерлерди беребиз деп убада кылышты.