АКШда “Иса пайгамбардын кыйналуусу” көрсөтүлө баштады

Америка Кошмо Штаттарынын үч миңдей кинотеатрында режиссер Мэл Гибсондун “Иса пайгамбардын кыйналуусу”аттуу кинотасмасы көрсөтүлө баштады. Талаш-тартыш туудурган бул жаңы кинотасмада Иса пайгамбардын өмүрүнүн акыркы 12 сааты чагылдырылат. Тасманын бет ачарына баруу үчүн миңдеген көрөрмандар түн ичинде да кезекке турушууда.
Алдына-ала айтылгандарга караганда, кинотасмадан 20 миллион доллар каражат түшүшү болжолдонууда.
Айрым кино сынчыларынын пикирлерине караганда, аталган тасмада Исанын заманы таасын чагылдырылган эмес жана турмуш чындыгына анча коошо бербеген окуялар арбын.